super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Грузия чет өлкөдө жашаган жарандарына шайлоодо добуш берүүгө тыюу салышы мүмкүн

 

Грузиянын Европада, Орусияда, АКШда жана башка өлкөлөрдө туруктуу жашаган жарандары эми парламенттик жана муниципалдык шайлоолордо добуш берүү үчүн өлкөгө кайтып келиши керек. Бул норма Грузиянын жаңы шайлоо кодексинин долбоорунда камтылган, ал долбоорду Грузиянын парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили атайын брифингде тааныштырды.

Папуашвилинин айтымында, чет өлкөдөгү грузиялыктар сырттан таасирлерге дуушар болушууда. Парламент жаңы шайлоо кодексин күзгү сессияда кабыл алууну пландоодо.

Азыркы шайлоо кодексине ылайык, парламенттик шайлоолордон мурда чет өлкөлөрдө чоң диаспорасы бар мамлекетттерде шайлоо округдары түзүлүп, көп учурда Грузиянын элчиликтери жана консулдуктары аркылуу жарандар добуш берүүгө катышып келген. Көп учурда чет өлкөдөгү грузиялыктар оппозицияны жана өлкөдөгү бийлик партиясы "Грузин кыялдарына" каршы добуш беришкен.

Бийликтин негизги атаандашы Михаил Саакашвилинин "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясы Шалва Папуашвили менен бийликтин партиясын чет өлкөдөгү жүз миңдеген грузиялыктардын добуш берүү укугунан ажыратууга аракет кылды деп айыптады. Кийинки парламенттик шайлоо Грузияда 2028-жылдын октябрь айында өтөт.

Расмий эмес маалыматтарга караганда, грузиялыктардын 160 миңден ашыгы Орусияда, 350 миңи Европада жашайт. Ал эми АКШда болжол менен 100 миң грузиялык бар. Жалпы Грузиянын калкы болжол менен 3,9 миллион адамды түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: