super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

WP: Кытай өзүнүн башкы өзөктүк полигонун жашыруун кеңейтип жатат

 

Кытай 1964-жылы алгачкы атом бомбасын сынаган Синьцзян-Уйгур автономдук районундагы эски ядролук полигонун жашыруун кеңейтип жатат. Бул тууралуу The Washington Post спутник сүрөттөрүнө жана эксперттердин тыянактарына таянып билдирди.

"Кытай аскерлери жашыруун түрдө жаңы туннелдерди казып, жардыруу камераларын даярдап, көмөкчү курулуштарды салып жатышат. Байкоочулардын айтымында, бул ядролук сыноолорго даярдыкты көрсөтөт",- деп айтылат макалада.

Аналитиктердин пикиринде, Кытай бийлиги АКШ жана Орусиянын ядролук программаларынан артта калып кетпеш үчүн аракеттенүүдө.

Кытай ядролук арсеналынын көлөмү боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Эксперттер анын ядролук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө болгон умтулуусунун артында өлкө лидери Си Цзиньпиндин армияны 2030-жылга чейин модернизациялоо жана 2050-жылга карата дүйнөлүк деңгээлдеги күчкө жеткирүү стратегиясы турганын айтышууда.

Октябрь айынын аягына Си Цзиньпин менен жолугушуунун алдында АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social тармагында Кытай беш жылдын ичинде АКШнын ядролук мүмкүнчүлүгүнө жете турганын эскерткен.

Стокгольм тынчтык изилдөөлөр институту Кытайдын ядролук арсеналынын саны болжол менен 600 деп эсептейт. Ал эми АКШ менен Орусия дүйнөдөгү ядролук куралдын 90 пайызына ээ экени айтылат.

Мындан тышкары, CNN да ноябрда спутник сүрөттөрүнө таянып, Кытайда ракеталарды өндүрүү же ядролук арсеналды көзөмөлдөгөн ракета аскерлерине таандык объекттер кеңейгенин кабарлаган.

Маалыматтарга караганда, 2020-жылдын башынан 2025-жылдын ноябрына чейинки беш жылдан ашык убакыт ичинде бул объекттердин аянты 2 миллион чакырымга көбөйгөн. Спутник сүрөттөрүндө жаңы мунаралар, бункерлер, жасалма дөңсөөлөр, ошондой эле мурдагы айыл-чарба жерлеринин жана кыштактардын ордунда пайда болгон курулуштар көрүнөт. Айрым сүрөттөрдө ракетанын бөлүктөрү да байкалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: