Кайгуул кызматы жолдогу бетон тосмодон улам болгон кырсык боюнча үн катты
Бишкекте жүк ташуучу унаанын катышуусунда үрөй учурган жол кырсыгы катталып, болгон окуя боюнча интернет желесине видеолор тарады.
Милициянын кайгуул кызматы окуя 17-ноябрда, саат 20:30да Шабдан баатыр көчөсүндө катталганын билдирип, окуянын чоо-жайына токтолду.
Анда Хово жүк ташуучу автоунаасын айдаган 2002-жылкы Т.Д. батыш тарапка жүрүп бара жатып, анын алдында бара жаткан Субару-Форестер унаасы менен кагылышкан. Экинчи унаанын айдоочусу 1981-жылы туулган С.Н. жаракат алып, "Тез жардам" чакыртылды. Алдын ала маалымат боюнча, ал оң колун сындырып алды.
Кайгуул кызматы окуя катталган тилкеде “Технотоп” ишканасы тарабынан жүргүзүлгөн курулуш иштеринин жүрүшүндө жол белгилеринин ордуна бетон тосмо коюлуп, аймакта талаптагыдай эскертүү каражаттары орнотулбаганы аныкталганын билдирди. Бул факт боюнча жол көзөмөлдөө бөлүмү аталган ишканага жалпы 75000 сом өлчөмүндө айып салынды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















