Садыр Жапаров долбоорлор менен келген Кытай жарандарына катуу эскертүү берилгенин билдирди
Бүгүн, 18-ноябрда президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген кезектеги маегинде Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга, айрыкча кытайлык жумушчуларга байланышкан талкуулар шайлоо алдындагы атайын уюштурулган чагымчылдык экенин билдирди.Ошондой эле мамлекет башчысы Кыргызстанда чет элдик жумушчуларга карата көзөмөл толук кандуу жүрүп жатканын айтты.
"Биринчиден, ачык айтышыбыз керек, бул провокация болуп жатат. Шайлоого жакын бир нерсе уюштуралы деген чагымчыл топтор бар. Алардын баарын билебиз. Азырынча сыртынан көз салып гана турабыз. Эгер катуу кетип бара жатышса, камалышат. Анан “бизди жөн эле камап салышты” деп кыйкырып чыгышат. Башка шылтоолору жок, болгону электр энергиясы менен кытайлар. Электр энергиясы боюнча кенен маалымат берсем тынчып калышты эле. Эми экинчи көйгөй катары кытайларды көтөрүп чыгып жатышат. Турмушта баары болот. Бишкектин көчөлөрүндө деле эки кыргыз жол талаша кетип, күндө мушташ болуп жатпайбы, соцтүйүндөрдөн көрүп эле жатабыз го баарын. Турмуш-тиричиликтеги мындай талаш-тартышты эки өлкөнүн проблемасы катары жогорку деңгээлге чейин көтөрүштүн кереги жок.
Экинчиден, албетте, чет өлкөлүктөрдү жетиштүү түрдө эле эмес, ашыкча да көзөмөлдөөгө күч жетиштүү. Мыйзам бузган же визасынын мөөнөтү өтүп кеткен чет өлкөлүктөрдү керек болсо бир күндө тазалап салсак болот. Бирок азыр мамлекеттин алдында андай муктаждык жок. Кечээги окуядан кийин Кытайдан чоң-чоң долбоорлор боюнча келип, иштеп жаткан чет өлкөлүктөргө: “Жергиликтүү калк менен ынтымакта болгула, долбоорлор бүткөнчө бири-бириңерге сый-урмат менен мамиле кылгыла” деп катуу эскертүү бердик. Долбоорлор бүткөндөн кийин алар Кыргызстанда бир күн да калбайт. Жумушчу визалары бүтөт. Бизде Кытай менен виза режими бар. Визасыз бир дагы кытай Кыргызстанга кире албайт. Ошондуктан жергиликтүү калк да кылдат мамиле жасашы керек. Башталып калган бардык кылым долбоорлорубуз бүтүп кетсин",- деди өлкө башчысы.
Айта кетсек, буга чейин Чүй облусунун Константиновка айылынын жанында мушташ катталып, 44 адам кармалып, анын 16сы убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал чыр кум-шагыл ташыган эки компаниянын айдоочуларынын ортосунда болгондугу маалымдалды. Анын кесепетинен 2005-жылы туулган К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну бир нече жарааттар менен ооруканага түштү. Кармалгандардын көпчүлүгү кытай жарандары экендиги айтылып, коомчулуктун нааразычылыгын жаратты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
9:35
2025-11-18
8:59
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















