super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаарынын вице-мэри: "Кыргызстан Казакстандан газды 2 эсе аз алып жатат"

 
"Өзбекстан менен Казакстандан келген газ түтүктөрүндөгү көйгөйлөрдөн улам учурда Кыргызстан газды 2 эсе аз алып жатат". Мындай маалыматты бүгүн, 17-декабрда Бишкек шаарынын вице-мэри Мурат Исмаилов билдирди.  "Газ көйгөйү боюнча сүйлөштүк, Энергетика жана өнөр жай министрлигине "газ боюнча казактар бизге жооп бербей жатат" деген сунуш киргиздик. Бүгүн вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Казакстанга барат болуш керек" деди вице-мэр. Белгилей кетсек, бүгүн, 17-декабрда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: