Ford Focus үлгүсүндөгү унааны чыгаруу токтотулду
Ford компаниясынын тарыхындагы эң популярдуу моделдердин бири болгон Focus үлгүсүндөгү унааны чыгарууну токтотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
27 жылдын ичинде бул моделдин 12 миллиондон ашыгы сатылган. Модель Volkswagen MEB негизиндеги Explorer жана Capri электр кроссоверлерине жол бошотту. Өндүрүштүн жабылышы Саарлуис заводунун толугу менен жабылганын билдирет. Ford компаниясы мурда ал жерде жаңы моделдерди чыгаруу планы жок экенин жана ал жерге сатып алуучу таба электигин билдирген.
Autocar компаниясынын маалыматы боюнча, компания 2027-жылы чыга турган жаңы орто өлчөмдөгү моделди даярдап жатат. Ал Kuga кроссоверин алмаштырбайт, бирок гибриддик жана электрдик версиялары менен параллелдүү модель катары кызмат кылат.
Акыркы жылдары Ford рыноктогу үлүшүнүн дээрлик жарымын жоготуп, 2015-жылы экинчи орунда турса, ал эми 2024-жылы 12-орунга түшүп кеткен.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















