Садыр Жапаров: "Темир жолду өзүбүз курабыз десек, 30 жылда да бүтпөйбүз"
"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун өзүбүз курабыз десек, анда 30 жылда да бүтпөйбүз". Мындай пикирди бүгүн, 18-ноябда президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди.Өлкө башчысы Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга, айрыкча кытайлык жумушчуларга байланышкан суроолорго жооп берип жатып, жергиликтүү компаниялар ири долбоорлорду ишке ашыра албай жаткандыгын билдирди.
"Кыргызда “Жылкыңа ченеп ышкыр, алыңа карап бышкыр” деген жакшы сөз бар. Темир жолду биякка коёлу, биздин компаниялар Нарын шаарынын ички жолдорун тыңгылыктуу асфальттай албай коюшту. Анан биздин компаниялар үчүн тоо тешип, темир жол салабыз дегени күлкүлүү болот. 4 жыл мурда Ысык-Көлдүн түштүк жагындагы Балыкчы - Барскоон жолун Кыргыз компанияларына бергем. Эмдигиче бүтүрө албай жүрүшөт. Бир жолу текшерип барсам, жумушчулар аз. Жумуш жай жүрүп жатыптыр. Эмнеге десем, “эмгек акы алышкандан кийин ушундай үч-төрт күн жок болуп кетишет” дейт. Мындай кемчилигибизди моюнга алышыбыз керек. Ал эми Ысык-Көлдүн түндүк жагында Корумду - Балбай жолун былтыр эле “Чайна Роуд” компаниясы утуп алып, иш баштады эле. Бир сезондо асфальт басып, бүтүрүп коюшту",- деди президент.
Жапаров ири долбоорлорду ишке ашыруу техника менен адистерге барып такаларын билдирди.
"Биз өзүбүз Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолун салып жатабыз. Бирок бул жол түз жерге салынып жатат. Биздин адистер азырынча бул жолду салууда тажрыйба топтоп, үйрөнүп жатышат. Мындан сырткары, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунда да биздин адистер аралашып иштеп жүрүшөт. “Үйрөнгүлө” деп атайын аралаштырдык, үйрөнүп, тажрыйба топтоп жатышат. Кийин өзүбүздүн адистер пайда болгондо анан “өзүбүз курабыз” деп кыйкырып чыксак жарашат. Азырынча эрте. Анын үстүнө бизде технология да жетишсиз. Тоо теше турган, тоолордун арасына көпүрөлөрдү сала турган жана башка заманбап техникаларыбыз жокко эсе",- деп жыйынтыктады маегин Жапаров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
9:35
2025-11-18
8:59
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















