super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Иран: Өзөктүк объекттерге келтирилген зыяндан улам уранды байытуу иштерин жүргүзүү мүмкүн эмес

 

Иран өкмөтүнүн маалымат катчысы Фатма Мухаджирани июнда Израил жана АКШнын чабуулдарынан улам ядролук объекттерге тийген зыянынан улам учурда уран байытуу иштери жүргүзүлө албасын билдирди. Бул тууралуу ал Тегеранда өткөн маалымат жыйында айтты.

Мухаджирани Ирандагы суу кризиси тууралуу президент Месуд Пезешкияндын "Эгер келерки айга чейин жамгыр жаабаса, суубуз калбайт, Тегерандын тургундарын эвакуациялоо керек" деген сөздөрү боюнча суроого жооп берип, бул билдирүү жоопкерчиликтүү жана кооптонуу менен берилген эскертүү экенин, максаты коомчулукта кабардарлык жаратуу экенин белгиледи. Анын айтымында, Тегерандын эвакуациясы азырынча мүмкүн эмес.

Мухаджирани ошондой эле Европа өлкөлөрү - Англия, Франция жана Германиянын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Иранды уран байытпоо боюнча чечим долбоорун даярдап жатканына токтолуп, "Ирандын ядролук процессине тийген зыян эске алганда, учурда уран байыту мүмкүн эмес" деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: