Зеленский Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра жандантуу үчүн Түркияга барат
Украина президенти Владимир Зеленский Орусия менен жаңжалды аяктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра жандантуу үчүн Түркияга барат. Бул тууралуу ал өзүнүн Телеграм каналында жазды.
"Эртең Түркияда жолугушуулар болот. Сүйлөшүүлөрдү активдештирүүгө даярданып жатабыз жана өнөктөштөргө сунуштай турган чечимдерибиз бар. Согуштун аякташы — Украина үчүн биринчи кезектеги милдет. Ошондой эле туткундарды алмаштырууну жана алардын кайтарылышын кайра жандандыруу үчүн иштеп жатабыз", — деди Зеленский.
Ошол эле учурда Reuters агенттиги булактарына таянып, АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стивен Уиткофф эртең Түркияда Зеленский менен жолугарын маалымдады.
Орусия тарап сүйлөшүүлөргө катышары жөнүндө азырынча маалымат бере элек.
15-ноябрда Украина Коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Рустем Умеров президенттин тапшырмасы менен Түркияда жана БАЭде Орусия менен туткундарды алмаштырууну калыбына келтирүү боюнча ортомчулар аркылуу консультацияларды өткөргөнүн кабарлады. Анын айтымында, тараптар Стамбул келишимдерин активдештирүүгө макул болгон.
Орусия жана Украина делегацияларынын акыркы жолугушуусу Стамбулда июлдун аягында өткөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















