Темирлан Султанбеков Эдил Байсаловдун билдирүүсүнө жооп берди
“Социал-демократтар” партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсаловдун айрым саясий күчтөрдүн кытайга каршы маанайды күчөтүп жатканын айтканына жооп берди.
Султанбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, Байсаловго өкмөт башчынын социалдык маселелер боюнча орун басары экенин эске салып, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка маселелерге көңүл бурууну сунуштады.
Ошондой эле ал Кытайга эч бир күч каршы болбогонун айтып, эл болгону чет элден келген мигранттар көзөмөлгө алынып жатабы деген суроого кызыкдар экенин билдирди. Султанбеков эл көтөргөн маселени көтөрүүгө милдеттүү экенин кошумчалады.
Буга чейин Байсалов өлкөдө анти-кытайлык маанайдын жаралып жатканына тынчсыздануусун билдирдип, ал мунун баары жасалма түрдө күчөтүлүп жатат деген пикирин айткан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















