Стамбулда тамактан ууланган туристтердин үй-бүлөсү каза болду
Германиядан келген туристтик үй-бүлө Түркияда оор уулануунун кесепетинен каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, туристтер 9-ноябрда Гамбургдан Стамбулга эс алуу үчүн келген. Алар Ортакөй аймагына барып жергиликтүү тез татымдарды татып көрүшкөн. Симптомдор пайда болгондон кийин алар ооруканага кайрылышкан.
Түркиянын саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглу билдиргендей, дарыгерлер башында үй-бүлөгө "гастроэнтерит" - ичеги-карындын сезгенүүсү диагнозун койгон жана аларды кайра мейманканага жөнөтүшкөн. Бул боюнча медициналык кызматкерлердин аракеттерин иликтөө башталган. Абалы начарлап кеткенден кийин үй-бүлө кайрадан ооруканага жаткырылган. Алгач балдар каза болгон, андан кийин эне, бир нече күндөн соң атасы каза болгон.
Учурда үй-бүлөнүн өлүмүнүн так себеби аныктала элек. Тамактан уулануу же уулуу химиялык заттардын таасири каралууда. 11 шектүү кармалып, алардын арасында көчөдөгү тамак саткандар, үй-бүлө жашаган мейманкананын кызматкерлери, ошондой эле мейманканада химиялык тазалоо жүргүзгөн зыянкечтер менен күрөшүү компаниясынын кызматкерлери бар. Мейманкана толугу менен эвакуацияланган, буга чейин дагы эки конок уулануунун белгилери менен дарыланган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















