Милиция кызматкерлери бар... Ысык-Көлдө токмоктон каза болгон кишинин өлүмүнө шектүүлөр кармалышты
Ысык-Көлдө бир адам ур-токмоктон улам каза болду. Маалыматты бүгүн, 18-ноябрда облустук милициядан тастыктады.
Маалыматка ылайык, милицияга 15-ноябрда Кара-Ой айылында жайгашкан эс алуу жайларынын биринде бир жаран ур-токмокко алынып, оор жаракат алганы тууралуу билдирүү түшкөн. Милиция кызматкерлери дароо окуя болгон жерге барып, жаракат алган кишини ооруканага жеткиришкен. Бирок ал ошол эле күнү алган жаракаттарынан улам көз жумган.
Натыйжада аны ур-тепкиге алууга шектелип, 28 жаштагы эки милиция кызматкери менен 28 жана 20 жаштагы жарандар кармалышкан. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Маалыматта кылмыш жогорудагы беренеге "Бейбаштык максатта", "Адамдардын тобу тарабынан" деген пунктар кошулуп козголгону айтылат.
Учурда тергөө иштери уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















