Бишкектеги "Грув" түнкү клубу жабылды
Бишкек шаарында "Грув" түнкү клубу убактылуу жабылды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим клубдун айланасында акыркы убактарда көп жолу катталган коомдук тартипти одоно бузуу фактыларына, аймактагы жашоочулардын тынчсыздануусуна жана коопсуздук маселелерине байланыштуу кабыл алынган. Клубда спирттик ичимдиктер ичүү менен бейбаштык кылган, жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жараткан учурлар болгон.
Шаардык милиция буга чейин мекеме жетекчилигине эскертүүлөр берилип, тартипти сактоо боюнча бир катар талаптар коюлганын, бирок талаптар аткарылбаганын белгиледи. Натыйжада түнкү клуб милиция кызматкерлери менен УКМКнын кызматкерлери тарабынан текшерүүгө алынган. Учурда тартип бузууларга тиешеси бар адамдар боюнча тиешелүү териштирүү иштери уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















