super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Адылбек Касымалиев: "2020–2024-жылдары Кыргызстандын ШКУ менен болгон товар жүгүртүүсү 3,5 эсеге көбөйдү"

 

Бүгүн, 18-ноябрда Москва шаарында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин кеңейтилген курамдагы 24-жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, жыйындын жүрүшүндө Касымалиев сөз сүйлөп, анда уюмдун өнүгүүсүнүн маанилүү аспектилерин баяндаган. Өкмөт башчы өз сөзүндө Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусунун алкагында пландаштырылган иш-чараларга өзгөчө көңүл бурган.

Ал кыргыз тарап уюмдун эл аралык кадыр-баркын чыңдоо жана анын эл аралык экономикалык тартиптин маанилүү бөлүгү катары ролун илгерилетүү боюнча ишти уланта берерин баса белгилеген. Министрлер кабинетинин төрагасы соода-экономикалык көрсөткүчтөрдүн оң динамикасын сактап калуу үчүн соода байланыштарын активдүү чыңдоону жана биргелешкен инновацияларды өнүктүрүүнү мындан ары да улантуу зарыл экенин билдирген.

Өкмөт башчы "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушу, "Барскоон-Бедел-Аксуу" жаңы эл аралык унаа жолунун курулушунун маанилүүгүнө токтолгон. Министрлер кабинетинин башчысы эсептешүүлөрдө улуттук валюталарды активдүү колдонууга өтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген. Ушул өңүттө ал ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү зарылдыгын айткан.

Касымалмев статистикалык маалыматтарды келтирип, Кыргызстандын ШКУга мүчө мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташтыгы туруктуу оң динамиканы көрсөтүп жатканына токтолгон.

"2020–2024-жылдары Кыргызстандын ШКУга мүчө мамлекеттер менен товар жүгүртүүсү 3,5 эсеге көбөйдү. Үстүбүздөгү жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын жалпы товар жүгүртүүсүндө ШКУга мүчө мамлекеттер 75 пайызды ээлейт. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Кыргызстанга ШКУга мүчө мамлекеттердин 8 миллионго жакын жараны келди", - деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: