super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

ШКУнун өкмөт башчылар кеңешинин жыйынында бир катар документтерге, чечимдерге кол коюлду

 

Бүгүн, 18-ноябрда Москва шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалым болгондой, жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышкан.

Кол коюлган документтер менен чечимдердин тизмеси:

  1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйырма төртүнчү жыйынынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюнике.
  2. Шанхай кызматташтык уюмунун туруктуу иштеген органдарынын кызмат адамдарынын акчалай камсыздоосу, кепилдиктери жана компенсациялары жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу өкмөт башчылар кеңешинин чечими.
  3. 2026-жылга Шанхай кызматташтык уюмунун бюджети жөнүндө өкмөт башчылар кеңешинин чечими.
  4. 2024-жылга Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетинин аткарылышы боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун финансылык отчёту жөнүндө өкмөт башчылар кеңешинин чечими.
  5. Шанхай кызматташтык уюмунун финансылык эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө өкмөт башчылар кеңешинин чечими.
  6. Шанхай кызматташтык уюмунун туруктуу иштеген органдарынын финансылык-чарбалык ишине тышкы аудит жүргүзүү боюнча комиссиянын отчёту жөнүндө өкмөт башчылар кеңешинин чечими.
  7. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар жана жыйындар жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын отчёту боюнча өкмөт башчыларынын кеңешинин чечими.
  8. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин темир жол администрацияларынын өз ара аракеттенүү концепциясын 2027-жылга чейин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын өкмөт башчыларынын кеңешинин чечими.
  9. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы социалдык өнүгүү жана коргоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча 2026-2028-жылдарга карата жол картасы жөнүндө өкмөт башчыларынын кеңешинин чечими.
  10. 2017-жылдын 1-декабрындагы Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: