Адылбек Касымалиев Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту
Бүгүн, 18-ноябрда Москва шаарында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана делегациялары менен бирге Орусияын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуу Владимир Путиндин саламдашуусу менен башталган.
"Баарыбыздын бир жалпы максатыбыз бар – Евразия континентиндеги жана жалпы эле дүйнөдөгү эң ири аймактык бирикмелердин бири катары ШКУнун кадыр-баркын жана таасирин жогорулатуу. Өкмөттөргө, албетте, конкреттүү практикалык ишти жолго салууда, уюмга мүчө мамлекеттердин көп пландуу өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү боюнча иште өзгөчө роль таандык. Практикалык иштерге келгенде өкмөттөрдүн ролу ар дайым өзгөчө", - деген ал.
Андан соң Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев жана ШКУнун өкмөт башчылар кеңешинде төрагалык кылуучу Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода сөз сүйлөшкөн. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышкан.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















