Израил Ливандагы качкындар лагерине кол салды: 11 киши каза болду
Израил Ливандагы качкындар лагерине аба соккусун жасап, 13 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Ливандын түштүгүндөгү Сайда шаарында жайгашкан Айин ал-Хильва палестин качкындар лагерине жасалган чабуулда көптөгөн адамдар жаракат алышкан. Расмий NNA агенттиги сокку Халид бин Валид мечитинин айланасына багытталганын, андан кийин ок атылуулар угулуп, "Тез жардам" унаалары окуя болгон жерге келгенин кабарлады.
Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги 13 адамдын мерт болгонун билдирсе, Израил армиясы чабуулду мойнуна алып, лагерди "Хамастын машыгуу борбору" катары атады. Күн ичинде Израил Набатия аймагында дагы эки унаага дрон менен сокку жасап, 2 адамдын өлүмүнө себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:03
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















