Трамп согушту токтотуу үчүн Киевге аскердик делегация жөнөттү
Wall Street Journal менен Politico басылмалары Киевге АКШнын сейрек кездешүүчү аскердик делегациясы бара жатканы тууралуу макалаларды жарыялашты. Делегацияга кургактагы аскерлер министри Дэн Дрисколл жетекчилик кылууда.
Wall Street Journal жазгандай, Дрисколл АКШнын Кургактагы аскерлер штабынын башчысы Рэнди Джордж жана Европадагы АКШ күчтөрүнүн командачысы Крис Донахью менен бара жатат. Алар согушту токтотуу боюнча идеяларды, фронттогу абалды жана Украинанын курал-жарак өндүрүшүн талкуулашат. Андан соң бул тууралуу Трампка кабар беришет.
Дрисколду Киевге жөнөтүү идеясы Дональд Трамп менен вице-президент Жей Ди Вэнстин сүйлөшүүсүнөн кийин пайда болгон. Вэнс менен Дрисколл Йель университетинин юридикалык факультетинде чогуу окушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:03
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















