super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Чүйдө "чалып алайын" деп бирөөнүн телефонун алып качып кеткендер кармалышты

 
Чүй облусунун Сокулук районунда "чалып алайын" деп бирөөнүн телефонун алып качып кеткен жаш жигиттер кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 17-ноябрда райондук милиция бөлүмүнө Т.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 16-ноябрда саат 01:00 чамасында Сокулук айылынын Кайназаров көчөсүнөн Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаа токтогон. Унаадан түшкөн үч белгисиз жаш жигит "чалып алуу үчүн" деп телефонун сурап, арыз ээсин бет тарабына уруп, телефонун тартып алып, унаасы менен качып кетишкен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (Тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүү жарандарды кармаган. Алар: 2006-жылы туулган Ш.И., 2009-жылы туулган Ж.Д., 2009-жылы туулган К.Б. жана 2010-жылы туулган А.Э. атту жарандар экени аныкталган. Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык, 2006-жылкы Ш.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: