super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Трамп Сауд Арабиясынын ханзаадасын кабыл алды. Жолугушуудан эмнелерди күтүүгө болот?

 

АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мохаммед бин Салманды салтанаттуу тосуп алды.

Жолугушууда Сауд Арабиясы менен жарандык атомдук энергетиканы өнүктүрүү боюнча биргелешкен декларацияга кол коюлуп, Трамп Сауд Арабиясына келечектеги F-35 учактарын жеткирүүнү камтыган "ири коргонуу-экспорттук пакетин" бекитти.

Сауд Арабиясы жана Перс булуңундагы араб мамлекеттери Иранга каршы АКШнын союздаштары болуп саналат, аталган өлкөлөрдө америкалык аскердик базалар жайгашкан.

Ал эми АКШнын айрым аскердик жетекчилери F-35 учагын Сауд Арабиясына берүүнү колдошкон жок, алар араб өлкөсү өнөктөшү Кытай менен учактарды бөлүшүп коюшу мүмкүн деп кооптонушат.

Израилдин айрым расмий өкүлдөрү да Сауд Арабиясына F-35 учагын сатуу Израилдин аскердик артыкчылыгын аймактагы башка бардык өлкөлөргө караганда үстөмдүгүн солгундатат деп айтышууда. Бүгүнкү күндө Жакынкы Чыгышта бул учактарга ээ болгон жалгыз өлкө Израил болуп саналат.

Мохаммед бин Салман 2018-жылдан бери биринчи ирет АКШга барды. 2018-жылы араб ханзаадасынын АКШ менен мамилеси чулгандуу окуяга байланыштуу солгундаган. Ошол жылдын октябрь айында Стамбулдагы Сауд Арабиясынын консулдугунда АКШда жашаган, Washington Post гезитинин колоннисти, саудиялык оппозиционер Жамал Хашогги мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Кийин АКШ чалгын кызматы Мохаммед бин Салман өлтүрүүгө уруксат берген деген тыянакка келген. Ханзаада ал окуяны алдын ала билбегенин айткан, бирок мамлекетти башкарып турган адам катары жоопкерчиликти өз мойнуна аларын билдирген.

Трамптын администрациясы бул үчүн Сауд Арабиясынын 17 расмий адамына санкция киргизген. Андан соң президент Байден Сауд Арабиясына бул өлтүрүүдөн кийин курал-жарак сатууну чектеген. Байден бул чечимди Йеменде жүрүп жаткан согуш жана ал жердеги гуманитардык кырдаалдын оорлошуусу менен түшүндүргөн.

Бул жолку жолугушууда да араб ханзаадасына Хашоггинин өлүмүнө байланыштуу журналисттер тарабынан суроолор берилди. Бирок Трамп ханзааданын ал окуя боюнча маалыматы жок экенин айтып, суроо берген журналистке катуу эскертүү берди.

Ошондон бери АКШ менен Сауд Арабиясынын эки тараптуу мамилелери эми калыбына келүүдө. Трамп 2025-жылдын январында Ак үйгө кайра келгенден кийин жасаган биринчи чет өлкөлүк сапары Эр-Риядга болгон. Ал жерде ал Сауд Арабиясы америкалык экономикага 600 миллиард доллар инвестиция сала турганын жарыялаган.

Октябрда Трамп Сауд Арабиясы жакынкы убакта 2020-жылдагы Авраам келишимдерине кол койгон мусулман өлкөлөрүнө кошулат деген үмүтүн билдирген. Бул мамилелерди нормалдаштыруу боюнча келишимдер алгач Израил, БАЭ жана Бахрейн менен түзүлгөн, кийин Марокко жана Судан кошулган, ноябрдын башында Казакстан да аталган келишимге кошулуу ниетин билдирген.

АКШнын 46-президенти Жо Байден да 2023-жылы Сауд Арабиясы менен ушундай келишим түзүүгө жакындаган, бирок 7-октябрдагы Израилдин Газага чабуулу жана андан кийинки Газа согушу сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учураткан.

Бирок Газа секторунда согуш башталгандан кийин Эр-Рияд Израил менен келишимге Жакынкы Чыгыш жаңжалына "эки элге - эки мамлекет" принциби боюнча ишенимдүү чечим табылмайынча кол койбой турганын жарыялады. Башкача айтканда, Израилдин жанында көз карандысыз Палестин мамлекетинин түзүлүшү талап кылынат. Бирок мындай планды Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ачык түрдө четке каккан.

Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, араб ханзаадасы менен Трамп Вашингтондо жасалма интеллект, инвестициялар, коргонуу, коопсуздук жана ядролук энергетика боюнча кызматташтык маселелерин талкуулашты. Буга Жакынкы Чыгыштагы туруксуз кырдаал да өз таасирин тийгизүүдө.

Мухаммед бен Салман 2017-жылы мураскер ханзаада болуп дайындалган, ал эми 2022-жылы премьер-министр болуп дайындалып, формалдуу түрдө өлкөнүн фактикалык жетекчиси катары бекемделген. 89 жаштагы Салман падыша номиналдык башчы бойдон калса да, ички жана тышкы саясатты негизги көзөмөлдөп турган адам мураскер ханзаада болуп эсептелет.

Саудиялык мураскер ханзаада "Саудиянын Көрүүсү - 2030" деген өнүгүү программасын иштеп чыккан. Бул программа алкагында өлкөдө ири социалдык-экономикалык реформалар жүргүзүлүүдө, анын ичинде туризмди өнүктүрүү жана аялдардын укуктарын кеңейтүү каралган. Бирок адам укуктарын коргоо уюмдары анын башкаруу мөөнөтүн өлкөнүн жаңы тарыхындагы эң репрессивдүү мезгилдердин бири деп баалашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: