Трамп Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салманды Ак үйдө тосуп алды
АКШ президенти Дональд Трамп Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салманды Ак үйдө салтанаттуу түрдө тосуп алып, өлкөгө F-35 учактарын сатууга даяр экенин билдирди. Трамптын айтымында, Сауд Арабиясына бул учактарды берүү Израилди да "абдан кубантат". Ал Мухаммед бин Салман менен 7 жылдык тыныгуудан кийин биринчи жолу жолугушуп, аны "өтө жакын досу" жана "абдан урматталган лидер" катары сыпаттады.
Трамп Ирандын өзөктүк мүмкүнчүлүгүн "жок кылганын" айтып, буга Сауд Арабиясынын да ыраазы экенин кошумчалады. Ошондой эле Сауд Арабиясынын АКШ экономикасына 600 миллиард доллар инвестиция убада кылганын, Мухаммед бин Салман бул сумманы 1 триллион долларга чейин көбөйтүүнү сунуштаганын белгилеп, "бул - эң сонун" деди. F-35 боюнча сүйлөп жатып, Трамп Сауд Арабиясы да Израил сыяктуу эң жогорку деңгээлдеги учактарды алышы керектигин белгиледи.
Жолугушууда Абрахам келишимдери да талкууланып, Трамп Сауд Арабиясынын келишимге кошулуу мүмкүнчүлүгү боюнча так жооп берүүдөн баш тартты. Ал Мухаммед бин Салман менен эки мамлекеттүү чечим да талкууланганын айтты. Трамптын айтуусунда, Түркия жана Сауд Арабиясы Сирияга карата санкцияларды жоюуда маанилүү роль ойногон. Ошондой эле ал Сауд Арабиясы Газанын кайра курулушуна олуттуу салым кошоруна ишенерин билдирди. Трамп Газага жайгаша турган эл аралык туруктуулук күчтөрү тууралуу суроого "Биз Палестина жетекчилиги менен жакшы карым-катнаштабыз" деп кыскача гана жооп берди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















