Социалдык багыттагы көмүрлөрдү башка жакка алып барып кымбат сатуу фактысы аныкталды
Өлкөдө социалдык отун базаларына арналган көмүрдү коммерциялык түйүндөрдө жогорулатылган баада ташып чыгуу жана сатуу схемалары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, социалдык отун базалардын ээлери аларга жөнөтүлгөн көмүрдү чакан партиялар менен башка уюшкан жана менчик коммерциялык сатуу пункттарына ташып, ал жерден аны жогорулатылган баада сатышат. Же жалпы көлөмдөн тандалган көмүрдү иргеп, мүшөктөргө салып, андан кийин максималдуу пайда алуу үчүн башка пункттарда чекене сатышып жаткандыгы аныкталды. Социалдык отун базалар "Кыргызкөмүр" ишканасы менен келишим түзүшкөн.
Азыркы учурда УКМК маалыматтарды каттоо журналынын материалдарынын алкагында ушул сыяктуу фактыларга бөгөт коюуга жана аныкталган схемаларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-оперативдүү иш-чараларды улантууда.
Атайын кызмат белгилегендей, жеке баюуга кызыккандардын бул аракети көмүрдүн тартыштыгына, калктын тынчсыздануусуна жана массалык нааразычылыгына алып келүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















