30 магниттик шуру. Хирургдар билерикти жутуп алган 3 жашар баланы сактап калышты
Орусиянын Рязань шаарында дарыгерлер шашылыш операция жасап, 30 шурусу бар магниттик билерикти кокустан жутуп алган үч жашар баланын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жаш бейтап шашылыш түрдө балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген. Рентген баланын ичегисинде бөтөн заттын бар экенин ачык көрсөтүп, тезинен хирургиялык кийлигишүүнү талап кылган. Дарыгерлер тобу тезинен операция жасоону чечишкен, натыйжада минилапаротомия жасалган - бул билерикти курсактын алдыңкы дубалындагы кичинекей кесик аркылуу алып салуу процедурасы.
Рязань облусунун башкы хирургу Олег Ларкин түшүндүргөндөй, магниттер бири-бирине коркунучтуу түрдө тартылып, ичегилердин биригишине алып келген.
Операция ийгиликтүү аяктагандан кийин, бейтаптын абалы туруктуу жакшыра баштаган жана азыр анын өмүрүнө коркунуч жок.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















