super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

Балбан Акжол Махмудов жеңиштен кийинки эмоциялары менен бөлүштү (видео)

 

Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Сауд Арабиясында өтүп жаткан VI Ислам тилектештиги оюндарынын чемпиону болуп, жеңиштен соң эмоциялары менен бөлүштү.

Интернет желесинде анын өзбек спорт журналисттерине берген маеги тарап жатат. Анда Акжол жеңишин элине жана жерине арнай турганын билдирди.

"Бул жеңиш элим үчүн, жерим үчүн. Бул спорт. Бүгүн жакындарымды, машыктыруучуларымды кубантып жаткан болсом, мен да кубанычтамын. Кудай буюрса дагы иштеп (ред.: машыгып), алдыда чоң ийгиликтерди багындырабыз",- деди Акжол Махмудов.

Кыргыз балбаны чет элдик күйөрмандарына кол тамгаларды берип, куттуктоолорун алды.

Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта күч сынашып жаткан Махмудов финалда ирандык Абди Амирди мөөнөтүнөн мурда жеңип, алтын медалды утуп алды.






Балбан Акжол Махмудов жеңиштен кийинки эмоциялары менен бөлүштү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: