super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АКШ Сенаты Эпштейн боюнча документтерди ачыктоону талап кылган мыйзам кабыл алды

 

АКШ Сенаты финансист Жеффри Эпштейн боюнча иштерге байланыштуу документтерди ачыктоону талап кылган мыйзам долбоорун кабыл алды. Жыйындын түз эфирин C-SPAN телеканалы көрсөттү.

Демократтардын лидери Чак Шумер бул мыйзам долбоорун тез арада кабыл алууну сунуш кылды.

"Каршылык барбы? Каршылык жок болсо, кабыл алынды",- деди жыйындын төрагасы, Республикалык фракциянын башчысынын орун басары Жон Баррассо.

"Эпштейн материалдарын ачыктоо боюнча актка" 427 депутат добуш берип, бирөөсү гана каршы чыкты.

Буга чейин демократ-сенатор Крис Мерфи Трамптын Жеффри Эпштейндин кылмыштуу ишмердүүлүгүнө байланышкан файлдардын жарыяланышы мүмкүн болгонуна байланыштуу күн сайын толкунданып жатканын билдирген. Ал ошондой эле Эпштейндин материалдары президенттик тарыхтагы эң чоң жаңжал болушу мүмкүн экенин жана бул Трамптын бийликтен кетишине алып келиши ыктымал экенин айткан.

Эске сала кетсек, 2019-жылы Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган.

Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда, абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: