super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

УКМК баш аламандыкка чакырган фейк аккаунттун администраторун кармады  

 

УКМК социалдык тармактарда электр энергиясы жана мигранттар боюнча жалган маалыматтарды таратып, коомчулукту адаштырган анонимдүү аккаунттарды аныктоо боюнча иш жүргүздү.

Натыйжада Instagram жана Threads тармактарында “predator4407” аттуу аккаунтту жүргүзгөн, 1979-жылы туулган А.Д. аттуу жаран кармалды. Ал өлкө сыртындагы деструктивдүү күчтөр менен байланышта болуп, алардын тапшырмасы менен элди массалык баш аламандыкка жана бийликти күч менен басып алууга чакырган постторду жайгаштырып келген.

Ошондой эле ал 20дан ашык фейк аккаунт түзүп, коомчулуктун арасында нааразычылык жаратыш үчүн жаңылыктардын астына атайын чагымчылдык комментарийлерди калтырганы аныкталды.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278- жана 327-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, А.Д. тергөө абагына камакка алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: