The Economist: Дүйнөдө жалгыздыктан жабыркагандардын саны өсүүдө
Дүйнөдө жалгыз жашаган адамдардын саны акыркы сегиз жылда кеминде 100 миллионго өстү. Бул тууралуу The Economist журналы маалымдады.
Басылма мындай тенденция өнүккөн өлкөлөрдүн басымдуу бөлүгүндө байкалганын белгиледи.
30 эң бай мамлекетке талдоо жүргүзүлүп, алардын 26сында 2010-жылдан бери түгөйү жок адамдардын саны көбөйгөн. АКШда соңку 50 жыл ичинде 25-34 жаштагы жалгыз жүргөн жарандардын эки эсе көбөйгөнү байкалган. Алардын ичинен 50 пайыз эркектердин жана 41 пайыз аялдардын түгөйү жок экени аныкталган.
Басылма мындай тенденция аялдардын экономикалык көз карандысыздыгынын өсүшү жана үй-бүлө куруу боюнча коомдук басымдын азайышы менен байланыштуу экенин жазды. Ошол эле учурда кирешеси төмөн эркектерге жубай табуу кыйын болуп жатканы айтылды.
Кошумча факторлор катары социалдык тармактар да белгиленген. Маалым болгондой, жалгыз жүргөн жарандар социалдык тармактардан таасирленип, өнөктөштөрүнөн ашыкча нерселерди күтөт жана жолугушууга баруудан коркушат. Ошондой эле жасалма интеллекттин өнүгүшү да жалгыздыкка таасирин тийгизүүдө, себеби кээ бир жалгыз жүргөн адамдар жасалма интеллект менен мамиле куруу жетиштүү деп ойлошот.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















