super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Казакстанда сасык тумоо күчөп, айрым мектептер аралыктан окууга өттү

 

Казакстанда бир жума ичинде 183 миң адам курч респиратордук вирус инфекциясына чалдыкты. 2024-2025-жылдагы эпидемиологиялык мезгилдин ушул эле жума көрсөткүчтөрү менен салыштырганда, ооругандардын саны 16 пайызга көбөйгөнүн Казак басылмалары жазышууда.

Саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова быйыл сасык тумоонун активдүү айлануусу 41-жумадан, башкача айтканда, октябрдын биринчи жарымынан тарта башталган. Бул былтыркы ушул күнгө караганда бир аз эрте. Казакстан аймагында буга чейин кездешпеген жаңы сасык тумоо түрлөрү аныкталган эмес. КРВИ жана сасык тумоо белгилери менен кайрылган бейтаптар текшерилип жатат. Республика боюнча риновирус, аденовирус, бокавирус, коронавирус, РС-вирус жана метапневмовирус айланып жатканы байкалууда.

1-сентябрдан бери Казакстанда 1,4 миллион КРВИ учуру катталды.

Казакстанда кош бойлуулар жана балдар үчүн кооптуу болгон гонконг сасык тумоосунун штаммы да аныкталып, 600 бейтап катталган. Массалык ооруларга байланыштуу Чыгыш Казакстан, Абай жана Костанай облустарында айрым мектептерди аралыктан окутуу башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: