super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

“Парасоциалдык”. Кембридж университети 2025-жылдын сөзүн жарыялады

 

"Парасоциалдык" деген сөз Кембридж сөздүгүнүн версиясы боюнча 2025-жылдын сөзү болуп жарыяланды. Бул тууралуу университеттин сайтында маалымдалды.

Кембридж университетинин маалыматына караганда, "парасоциалдык" деген сөз адам өзүнө жакын сезген, бирок чындыгында такыр тааныбаган белгилүү адам, китептеги каарман, фильм же сериал каарманы же болбосо жасалма интеллект менен болгон байланыш дегенди билдирет.

Университет сөздүн тандалышын жарандардын белгилүү адамдар, инфлюенсерлер жана жасалма интеллекттин чат-боттору менен түзүп жаткан бир тараптуу эмоционалдык байланышка болгон кызыгуусунун өсүшү менен түшүндүргөн.

Университеттин басма сөз кызматынын түшүндүрмөсүнө ылайык, америкалык ырчы Тейлор Свифттин миллиондогон күйөрмандары анын сүйүү, жүрөк оору жана каалоо тууралуу ырларындагы сөздөр менен өздөрүнүн жеке байланышы бардай сезишкен. Бул көрүнүш "парасоциалдык байланыш" деп аталган түшүнүктүн пайда болушуна алып келген.

"Жасалма интеллекттин боттору менен парасоциалдык мамилелер пайда болгондон бери, адамдар ChatGPT'ге ишенимдүү адамдай, досундай же атүгүл романтикалык өнөктөшүндөй мамиле кыла баштады. Бул айрым учурларда эмоционалдык мааниге ээ, ал тургай тынчсыздануучу нерсе",- деп айтылат макалада.

Ал эми 2025-жылдын сөзү катары англис тилинин Collins сөздүгү "вайбкодинг" (vibe coding) терминин тандады. Бул - программалоонун бир ыкмасы, анда иштеп чыгуучу тапшырманы жана каалаган жыйынтыкты сүрөттөп берет, ал эми коддун негизги бөлүгүн жасалма интеллект түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: