Чүйдө мушташып кармалган Кытай жарандары 2 айга камалды
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Константиновка айлында жол талашып мушташып кармалган чет элдик жарандар 2 айга камалышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Свердлов райондук сотунун чечими менен 16 Кытай жараны 2026-жылдын 15-январына чейин камакта калтырылды.
Эскерте кетсек, 15-ноябрда Чүйдө мушташ катталып, 44 чет элдик жаран тергөөгө жеткирилип, 16сы убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анда 2005-жылы туулган К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну жаракат алган.
Облустук милиция мушташтын негизги себеби аталган айылдагы карьерден кум жана шагыл ташып бара жаткан эки компаниянын айдоочуларынын ортосунда жолду бөлүшө албай чыр чыкканы менен байланыштырып маалымат берди. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















