super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кадамжай районунда ийне жалбырактуу көчөт отургузуу өнөктүгү жүрүүдө (фото)

 
Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагынын Разьезд айылына, тагыраагы, Кызыл-Кыя өткөрмө пунктунун жол четине 400 даана ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулууда. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Иш-чарага облус башчысы Айбек Шаменов катышты.
Белгилей кетсек, “Жашыл мурас” улуттук кампаниясын андан ары илгерилетүү, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу, айлана-чөйрөнү жакшыртуу жана токойлорду келечек муундар үчүн сактоо, ошондой эле токойлордун, бакчалардын, парктардын жана жашыл бактардын аянтын кеңейтүү жана көбөйтүү жөнүндө тескеме бар.
Буга чейин “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында Кадамжай районунда 2025-жылдын жаз айларында 4640 даана бак-дарак көчөттөрү негизги унаа жол четтерине отургузулган.
Облус башчысы көчөт отургузуу иш-чарасынан соң Кызыл-Кыя өткөрмө пунктунун айланасындагы инфраструктуралык жумуштардын жүрүшүн да көрдү.
Ошондой эле Разьезд айылынын эли менен жолугуп, айылдагы маселелер боюнча баарлашты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: