super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АКШда 100 килограммдык алтын унитаз 12 миллион долларга сатылды (видео)

 

Жүз килограммдык "Америка" аталышындагы 18 караттык алтын унитазды белгилүү италиялык сүрөтчү Маурицио Каттелан жараткан. Ал кечээ, 18-ноябрда Sotheby's аукционунда 12 миллион доллардан ашык суммага сатылды. Соода жыйынтыктары аукцион үйүнүн сайтында жарыяланды.

"Лот сатылды… 12 110 000 доллар",- деп айтылат билдирүүдө.

Каттеландын "Америка" аттуу эмгеги - 101,2 килограмм салмактагы алтын унитаз, ал 2016-жылы жасалган. Жалпысынан мындай эки гана экземпляр бар. Алардын бирин 2019-жылдын сентябрында Улуу Британиядагы Бленхейм сарайынан уурдап кетишкен. Ал жерге экспонат көргөзмөгө коюлуп, келүүчүлөр аны колдонууга да мүмкүнчүлүк алышкан болчу.

Буга чейин Sotheby’s компаниясынын вице-президенти Дэвид Гальперин эмгекти провокация катары кабыл албоого чакырган.

"Каттелан - биздин заманбап доордун эң мыкты сүрөтчүлөрүнүн бири. Анын "Америка" чыгармасы ирониялык жана философиялык мааниге ээ буюм",- деген ал.

New York Times гезитинин маалыматына караганда, аукционго коюлган алтын унитазды америкалык миллиардер Стивен Коэн сатып алган.

Каттелан дубалга скотч менен чапталган банан түрүндөгү дагы бир белгилүү инсталляциянын автору. Бул эмгек да 2024-жылы ошол эле аукцион үйүндө 6,2 миллион долларга сатылган.






100 килограммдык алтын унитаз 12 миллион долларга сатылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: