Депутаттар ветеринария боюнча инспекциянын борбордук аппаратында 75 кызматкердин иштеп жатышын сынга алышты
Жогорку Кеңештин депутаты Талант Узакбаев Тамак-аш, ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын борбордук аппаратында 75 кызматкердин иштеп жатышына каршы. Ал мындай пикирин ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 20-январдагы жыйынында билдирди.
“Мен мурда бул инспекциянын жетекчиси болуп иштегем, анда 25 гана кызматкер иштечү. Ошолорго да иш таппай калчубуз. Кыйынмын деген 4-5 кызматкерге тапшырма берип, калганы компьютерден оюн ойноп эле отурчу. Азыр 75 кызматкер эмне кылып жатат ал жерде? Алар өз ара компаниялар менен бизнесмендерди бөлүштүрүп алып эле отурушат”,- дейт депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















