АКШда жасалма интеллект сот системинде жалган далил коркунучун күчөттү
АКШнын сот системинде жасалма интеллектке байланышкан коркунучтар күчөдү. Өлкө боюнча судьялар "дипфейк" деп аталган жасалма сүрөт, видео жана үн жазмаларынын көбөйүшү далилдердин ишенимдүүлүгүнө чоң шек жаратып жатканын билдиришүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Калифорнияда бир турак жай ишинде судья Виктория Колаковски көрсөтүлгөн видеодогу кыймылдарын жана үндөрдүн дал келбестигин байкап, анын жасалма интеллект менен түзүлгөнүн аныктап, ишти толугу менен четке каккан.
Адистердин айтымында, мындай учурлар көбөйүүдө жана коркунуч мурда ойлогондон да чоң. Миннесота жана Луизиана штаттарынын судьялары жасалма далилдерге таянып туура эмес чечимдерди чыгарып алуу реалдуу коркунуч болуп калганын айтышууда. Айрыкча жасалма үн жазмалары коргоо ордерлери сыяктуу маанилүү сот процесстеринде жаңылыштыкка алып келиши мүмкүн экени белгиленди.
Бул кырдаалга жооп катары жаңы эрежелер талкууга алынууда. Улуттук мамлекеттик соттор борбору судьяларга далилдерди текшерүү боюнча атайын колдонмо сунуштаса, кээ бир штаттар адвокаттарды да далилдердин келип чыгышын иликтөөгө милдеттендирүүчү мыйзамдарды кабыл алууда. Эксперттер жаңы доордо "ишенбе жана текшер" принциби сот системи үчүн негизги талапка айланып жатканын белгилешет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















