Өлкөдө 10 айдын ичинде 996 753 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын 2025-жылдын 10 айында аткарган ишинин жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ыкчам кеңешмеге башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев, борбордук аппараттын кызматкерлери жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери онлайн форматта катышты.
Азенбек Козукеев жол кырсыктары көп катталган аймак жетекчилерин сынга алып, жеринде айдоочуларга практикалык, усулдук жардам көрсөтүүнү талап кылды. Профилактика иштерин күчөтүп, жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Жарандарды тейлөөдө жана кызмат көрсөтүүдө санариптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңири колдонуу зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле ишмердүүлүктү санариптештирүү, кызматтык тартипти бекемдөө, мыйзамдуулукту сактоо жана шайлоого карата коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чараларына байланыштуу бир нече тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын башынан бери башкармалык тарабынан жалпысынан 996 753 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталып, 139 557 автоунаа убактылуу айып короо жайларына токтотулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:21
2025-11-19
20:44
2025-11-19
20:17
2025-11-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















