super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Аалам сулуусу-2025" сынагында Мэри Кувакова өзгөчө көйнөк кийип чыкты (видео)

 

Кыргызстандын атынан "Аалам сулуусу-2025" сынагына катышып жаткан 19 жаштагы Мэри Кувакова кыргыздын улуттук оюулары түшүрүлгөн жана бүркүттүн элесин чагылдырган өзгөчө көйнөк кийип чыкты. Видеону Кувакова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында бөлүшкөн.

"Жерибиздин легендарлуу кушу бүркүттүн элесиндеги бул кийим - элимдин күчүн, эркиндигин, эрдигин чагылдырат. Мен "Кыргызстан сулуусу" сахнасына чыкканда менин жанымда чыныгы алтын бүркүт турду. Бүркүт - менин мекенимдин символу",- деп билдирүү калтырды ал.

Ал эми бүркүттүн элесин калтырган көйнөктү кыргыздын улуттук кийимдерин тиккен "Baira" этно-бренди жараткан.

Белгилей кетсек, аталган сынакка дүйнөнүн ар кайсы бурчунан барган 130дан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Сынактын жеңүүчүсү өз өлкөсүн кийинки жылы өтө турган дүйнөлүк сынакта тааныштырат.







Мэри Кувакова

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: