Уруша кетишкен... Кызыл-Кыяда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды
Кызыл-Кыя шаарында адам өлтүрүүгө шектелип 50 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.Маалыматка ылайык, кечээ, 18-ноябрда болжол менен саат 19.45тер чамасында болгон. Маркумдун сөөгү турак үйлөрдүн биринин жатакана бөлмөсүнөн табылган. Аны өлтүрүүгө шектелген адам ошол үйдө убактылуу жашап жаткан.
Тергөөдө маркум менен шектүү спирттик ичимдигин ичип отурушуп, өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишкени аныкталган. Жанжал учурунда шектүү ашкана бычагы менен аны көкүрөккө сайып жиберген. Маркум алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Маркумга тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:42
2025-11-19
20:47
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















