super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Криштиану Роналду Сауд Арабиясынын ханзаадасы менен бирге Ак үйдөгү кечки тамакка катышты (видео) 

 

Дүйнөлүк футбол жылдызы Криштиану Роналду АКШда Сауд Арабиясынын ханзаадасы Мохаммед бин Салман менен бирге Ак үйдөгү кечки тамакка катышты.

АКШ президенти Дональд Трамп Роналдуну кабыл алуу өзү үчүн чоң урмат экенин белгилеп, футболчу Сауд Арабиясынын модернизациясынын символу болуп калганын айтты.

Роналду 2023-жылдын январынан бери Сауд Арабиясынын "Аль-Наср" клубунда ойнойт. Аталган клуб өлкөнүн PIF инвестициялык фондунa таандык, анын төрагасы мураскер ханзаада Мохаммед бин Салман болуп эсептелет.

Роналду АКШга 2016-жылдан бери бара элек болчу. Буга ошол жылы модель Кэтрин Майорганын футболчуга каршы доо арыз бергени себеп болгон. Ал 2009-жылы Лас-Вегастагы мейманканалардын биринде Роналду тарабынан зордукталганын билдирген. Роналду болсо бул айыптоолорду башынан эле четке кагып келген.

"Мен мага карата айтылган айыптоолорду чечкиндүү түрдө четке кагам. Зордуктоо - менин табиятыма, ишенимиме таптакыр каршы турган жийиркеничтүү кылмыш",- деген Роналду 2018-жылы.

2023-жылдын ноябрында АКШ соту футболчуну толук актап чыккан.






Криштиану Роналду Сауд Арабиясынын ханзаадасы менен бирге Ак Үйдөгү кечки тамакка катышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: