super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкектин четине курула турчу медициналык шаарчага ооруканалардын баары көчүрүлөбү?

 

Бишкектеги медициналык шаарчанын курулушун 2026-жылы баштоо пландалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда министрлик ар кандай каржылоо булактарын караштырып, түшкөн сунуштарды салыштырып жатат. Ошондой эле ал Бишкектеги бардык ооруканалар медициналык шаарчага көчүрүлбөй турганын айткан.

"Медициналык шаарчага республикалык деңгээлдеги 6-7 гана медициналык мекеме көчүрүлөт. Калган ооруканалар азыркы жайгашкан жеринде ишин улантат. Мисалы, Улуттук онкология борбору, Улуттук хирургиялык борбор, Фучик көчөсүндөгү №1 шаардык оорукана, Жантөшев көчөсүндөгү №2 шаардык оорукана, №3 балдар ооруканасы жана №4 шаардык ооруканадагы травматология бөлүмү өз ордунда калат", - деген министр.

Чечейбаев үй-бүлөлүк медицина борборлору жана үй-бүлөлүк ден соолук борборлору дагы өз ордунда кала берерин кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: