Медициналык шаарчада студенттер үчүн клиникалык база түзүү пландалууда
Бишкектин четине курула турчу медициналык шаарчада медицина багытындагы жогорку окуу жайдын студенттери үчүн клиникалык база түзүү пландалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев "Кабар" агенттигине курган маегинде билдирди.
"Медициналык шаарча – илимди, жогорку медициналык технологияларды өнүктүрүү жана медициналык ЖОЖдордун, айрыкча Медициналык академиянын студенттери үчүн клиникалык база түзүү максатын көздөйт. Бул шаарчада үчүнчү деңгээлдеги – жогорку адистештирилген медициналык жардам көрсөтүлөт. Тилекке каршы, азыркы тапта бул деңгээлде болууга тийиш кээ бир мекемелер негизги кызматтарды гана аткарып калышкан. Биз алардын потенциалын көтөрүп, кайрадан улуттук борбор катары статусун калыбына келтирүүнү максат кылуудабыз", - деген ал.
Министр аталган шаарча кийинки жылы курула баштаарын, ал жакка бардык ооруканалар көчүрүлбөстүгүн да айтты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















