Садыр Жапаров диний жаатта билим алууну көздөгөн 18 жашка чейинки балдар өлкөдө окутуларын айтты
Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип, диний жаатта билим алууну көздөгөн 18 жашка чейинки балдар өлкөдө окутуларын айтты.
Президент чет өлкөлөрдө диний билим алгандардын айрымдары туура эмес багыттарга түшүп кетип жатканын белгиледи.
"Диний сабаттуулук мамлекет үчүн абдан маанилүү маселе. Мурда диний билим алуу үчүн жаштар ар кайсы өлкөлөргө чыгып кетчү. Көзөмөл болбогондуктан, кээ бирлери туура эмес багыттарга кетип калчу. Эми биз 18 жашка чейинки балдарды өзүбүздө окутуп, туура багытта тарбиялайбыз.
Медресени бүткөндөр билимин Токмок шаарында ачылган Ислам академиясында улантат. Мунун баары келечекте өлкөдө бирдиктүү диний билим берүү системасын түзүү үчүн жасалып жаткан иш.
Кыргызстан боюнча төрт миңге жакын мечит бар, ошол мечиттерге медресени, анан академияны окуп, бүтүп чыккан адистер имам болуп дайындалышат. Бул дагы диний тармактагы карама-каршылыктарды, бөлүнүүнү, ар кандай жаңылыш агымдардын таасирин азайтуу үчүн жасалып жаткан кадам", - деди президент.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















