Бүгүн, 19-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу маселелери, анын ичинде саясий диалогду бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланган. Садыр Жапаров кыргыз-кытай мамилелери бүгүнкү күндө тарыхый бийиктикте экенин, ал эми тышкы иштер министри Ван Инин ар бир сапары эки өлкө ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча терең мазмун жана жаңы идеяларды камтыганын баса көрсөткөн.
Мамлекет башчысы практикалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл буруп, атап айтканда, темир жана унаа жолдорун курууну, жаңы авиакаттамдарды ачууну, ошондой эле көптөгөн тармактарда биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууну белгилеген. Садыр Жапаров ошондой эле көп тараптуу кызматташтыктын динамикалуу, биринчи кезекте ШКУнун алкагында жана "Борбордук Азия - Кытай" форматында чыңдалышына токтолгон.
Кытайдын тышкы иштер министри өз кезегинде Садыр Жапаровго Кытайдын президенти Си Цзиньпиндин жылуу саламын жана эң жакшы каалоолорун жеткирип, эки мамлекеттин башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даярдыгын билдирген.
Ван И буга чейин Кыргызстанда үч жыл мурда болгонун белгилеп, бул убакыт аралыгында өлкө олуттуу ийгиликтерге жетишкенин айтып, Кытай ынак кошуна жана дос катары буга чын дилинен кубанычта экенин кошумчалаган. Ал эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүктүн, коңшулаштыктын жана кызматташтыктын деңгээлин жогору баалаган. Ошондой эле ал Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык компаниялардын өкүлдөрүнө мыйзамдарды так сактоо жана кабыл алуучу өлкөнүн каада-салттарын урматтоо зарылдыгы жеткирилип жатканын белгилеген.
Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Си Цзиньпинге жылуу салам жолдоп, эң жакшы каалоолорун айтса, ал эми Ван Иге мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалаган.
Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
9:35
2025-11-18
8:59
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















