Тигүү жана текстиль тармагынын өкүлдөрүн колдоо штабы иштей баштады
Экономика жана коммерция министрлигинде тигүү жана текстиль тармагынын өкүлдөрүн колдоо боюнча ыкчам штаб иштей баштады. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады.
Маалымдалгандай, "Кыргыз экспорт" борборунун ыкчам штабы ишкерлердин кайрылууларына ыкчам жооп кайтаруу, тигүү жана текстиль тармагынын субъекттерине комплекстүү консультациялык колдоо көрсөтүү үчүн түзүлгөн.
"Штаб министрликтин имаратынын биринчи кабатында жайгашкан жана күн сайын, дем алышсыз саат 9:00дөн 19:00гө чейин иштейт. Тармактык өкүлдөр кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча кесиптик жардамга кайрыла алышат: ишканалардын учурдагы ишмердүүлүгү, экспорттук жол-жоболор, продукцияны сертификациялоо жана маркалоо, жаңы рынокторго жетүү, ошондой эле тигүү ишканаларынын экспорттук потенциалын жогорулатуу.
Ыкчам штаб мамлекет менен бизнестин ортосундагы тез байланыш түйүнү болуп, ишкерлерге аракеттердин түшүнүктүү алгоритмдерин, өз убагында консультацияларды жана келип чыккан маселелерди чечүүдө колдоо көрсөтүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















