Садыр Жапаров Хабибулла Абдукадыр салып жаткан мечит элге белек болорун айтты
Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр тарабынан курулуп жаткан мечит, мейманкана тууралуу кеп кылды.
"Бул жөн эле мечит эмес. Анын медресеси да болот. Балдар ошол жерде жатып, тарбия алып, диний билимди системалуу негизде үйрөнүшөт. Артыкчылыгы эмнеде десеңиздер, айта кетейин, бүгүн ислам дининин ар кандай агымдары көбөйгөн учур. 10-15 агым болуп кеткен. Арасында деструктивдүүсү дагы бар. Бир эле кыргыз "сеники туура эмес, жок, сеники эмес, меники туура" деп талашып-тартышып келишет. Ушунун баарын тартипке келтирип, иретке салабыз", - деди президент.
Мамлекет башчы диний жаатта билим алууну көздөгөн 18 жашка чейинки балдар өлкөдө окутуларын, анткени чет өлкөлөрдө диний билим алгандардын айрымдары туура эмес багыттарга түшүп кетип жатышканын белгиледи.
"Ишкер Абдукадыр Хабибулла мейманкананы өзүнчө бизнес катары иштетет, ал эми мечит элге белек. Инвесторлорду “мындай, тигиндей” деп бөлбөй, тескерисинче, иш жүргүзүүгө шарт түзүп беришибиз керек. Ал кааласа, бир гана мейманкана куруп, бизнесин өнүктүрүп жүрө бермек. Бирок бир нече миң адам бата турган мечитти медресеси, жатаканасы менен белек кылып жатканы — бул анын өз ыктыяры жана элге жасаган жакшылыгы.
Эч кандай жеке кызыкчылыгы жок. Мечитти куруп бүтүп, кыргыз тарапка толук өткөрүп берет. “Кийин объектини карап турууга да жардам берип турам” деп сөз берген", - деп жыйынтыктады сөзүн Жапаров.
Белгилей кетсек, 2023-жылы 10-мартта Садыр Жапаров Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, соода жана турак жай аянттарын камтыган көп тармактуу заманбап комплекстин жана Орто-Сай айылында заманбап “Ыйман борбору” мечитинин курулушуна капсула салган.
Анда да өлкө башчы "Кабарга" маек берип, Хабибулла Абдукадыр мечитти бекер салып берерин, курулуш бүтөрү менен муфтияттын балансына өтөрүн билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















