2030-жылга чейин жүк ташуунун көлөмүн жылына 110 миллион тоннага жеткирүү пландалууда
2030-жылга чейин бардык транспорт түрлөрү боюнча жүк ташуунун көлөмүн жылына кеминде 110 миллион тоннага жеткирүүнү пландап жатабыз. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Бишкектеги Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтык бизнес-форумунда билдирген.
"2024-жылы транспорт секторуна салынган инвестициялардын көлөмү болжол менен 200 миллион долларды түздү. Бирок тармакты толук кандуу өнүктүрүү үчүн кошумча 1,65 миллиард доллар тартуу зарыл. Бул ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу инвесторлор үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат", - деп таратты Сыдыковдун сөзүн министрликтин басма сөз кызматы.
Министр ошондой эле темир жол, авиация жана унаа транспорту сыяктуу бардык транспорт түрлөрүнүн натыйжалуу интеграциясы өтө маанилүү экенин белгилеген.
"Темир жол транспорту жыл сайын туруктуу 2–3 миллион тонна жүк ташып, аймактар аралык байланыш үчүн олуттуу резерв бар экенин көрсөтүүдө. Кыргызстандагы негизги жүк авиахабдар — "Манас" (Бишкек) жана "Ош" аэропорттору. Акыркы төрт жылда бул аэропорттордогу жүк ташуунун көлөмү 12 эсеге өстү.
Учурда авиация тармагын өнүктүрүү максатында бир катар ири долбоорлор курулуш жана ачылуу стадиясында: Жалал-Абад облусундагы жаңы эл аралык аэропорт – өлкөнүн үчүнчү авиахабы болот, ошондой эле "Манас" жана "Тамчы" эл аралык аэропорттору модернизацияланууда", - деген ал.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















