Жогорку Сот депутаттыкка талапкерлердин кыргыз тилин билүүсү боюнча арызды карайт
"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Жогорку Сот Борбордук шайлоо комиссиясына каршы жазган арызын кабыл алганын билдирди.
Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, мамлекеттик тил тууралуу жаңы кабыл алынган мыйзам боюнча БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерине кыргыз тилин билүүсүн текшерген тест өткөрүшү керектигин айтты. Султанбеков БШК тест өткөрбөгөндүктөн сотко кайрылганын белгиледи. Анын айтымында, арыз эртең, 19-ноябрда каралат.
"Шайлоо бүтө электе, кайра-кайра чыгым кылбай, кайра шайлоону жокко чыгарбай азыр тест өткөрүп, билбегендерди шайлоодон четтетүү маселесин көтөргөнбүз. Бул президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзам. Жогорку Сот кыргыз тилин тест кылбай эле, текшербей эле койсо болот десе, бул Конституциялык мыйзам Кыргызстанда иштебесин билдирет", - деди Султанбеков.
Султанбеков БШК да Конституциялык мыйзамдын 59-беренесине ылайык кыргыз тилин билүүгө милдеттүү экенин моюндаганын кошумчалады. Ал белгилегендей, бирок БШК өкмөт кыргыз тилин билүүнүн деңгээлин бекитпеген үчүн тест өткөрүлбөгөнүн билдирген.
Белгилей кетсек, быйыл жайында Жогорку Кеңеш мамлекеттик тил тууралуу мыйзамды жактырган. Ага президент Садыр Жапаров август айында кол койгон. Аталган мыйзам Жогорку Кеңешке биринчи окууда киргенде талаш жараткан.
Жогорку сот депутаттыкка талапкерлердин кыргыз тилин билүүсү боюнча арызды карайт
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















