Алмамбет Шыкмаматов салык реформасынын биринчи этабы аяктаганын билдирди
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов салык тутумундагы реформанын биринчи этабы аяктаганын билдирди. Бул тууралуу Салык кызматы тараткан маалыматта айтылат."Президентибиздин тапшырмасы менен бир жыл мурун салык салуу тутумун масштабдуу реформалоону баштадык. Садыр Жапаров ишкерлер үчүн салык жол-жоболорун болушунча жөнөкөйлөтүү жана бизнес менен мамлекеттин кызыкчылыктарынын ортосунда тең салмактуулукту сактоо боюнча алдыбызга так милдет койгон.
Реформанын биринчи этабы дээрлик аяктады. Анын жыйынтыгы менен көптөгөн товарлар үчүн ЭТТК жоюлуп, кассалык аппараттарды милдеттүү пайдалануу жокко чыгарылды, процесстерди санариптештирүү тездетилип, жалпысынан салыктык башкаруу жөнөкөйлөтүлдү. Жол-жоболорду ыңгайлуу жана ачык-айкын кылып, бюрократиялык жүк азайтылды, отчёт берүү жана салык төлөө жеңилдетилди. Ошону менен катар Салык кызматынын өзүндө да ички кайра уюштуруу иштери жүргүзүлдү.
Реформанын биринчи этабынын, жаңы башкаруучулук чечимдердин ийгиликтүү ишке ашырылышын цифрадан билсек болот. Алсак, 2025-жылга салык боюнча жылдык план 268 миллиард сом өлчөмүндө бекитилген. Салык кызматы аны 11 айда 30 миллиард сомго ашыгы менен аткарды", - деген Шыкмаматов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:21
2025-11-19
20:44
2025-11-19
20:17
2025-11-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















