1000 салык кызматкери кыскартылат... Салык реформасынын экинчи этабы башталат
Мамлекеттик Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов салык тутумундагы реформанын биринчи этабы аяктаганын, эми экинчи этабы башталарын билдирди.
Ал реформанын алкагында 1000 салык кызматкеринин жумуш орду жоюларын белгиледи.
"Реформанын экинчи этабы жаңы жылдык майрамдардан кийин башталат. Анын негизги элементи катары KEZET жаңы электрондук эсепке алуу модулун киргизүү болмокчу. Анда салык инспекторун жасалма интеллект модулу алмаштырат. Адам фактору толугу менен жокко чыгарылат. KEZETтин жардамы менен биз ар бир товардын жүгүртүлүшүн – өндүрүштөн же импорттон тартып кассадан чек чыкканга чейин байкай алабыз.
KEZET мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жаатында мыктылардын бири катары таанылган эстониялык чечимдердин негизинде түзүлгөн. KEZET инспектордун ишиндеги субъективдүүлүктү четтетүүгө, отчёттогу айырмачылыктарды автоматтык түрдө аныктоого, текшерүүлөрдүн санын болушунча азайтууга жана коррупциялык тобокелдиктерди толугу менен жоюуга мүмкүндүк берет. KEZETти тесттик ишке киргизүү 2026-жылдын январь айына пландаштырылды.
Адаптациялоо, окутуу жана процесстерди жөнгө салуу жарым жылга созулат. Май айында инспекторлордун штаты кыскартыла баштайт, анткени контролдук функциялар тутумга өтөт. Биринчи этапта 500 кызматкер, жарым жылдан кийин дагы 500 кызматкер кыскартылат. Азыр бизде 3 400 салык кызматкери бар, бир жылдан кийин 1000ге азайтылмакчы.
Мындай масштабдуу кыскартуу контролдун азайышына алып келбей тургандыгын баса белгилей кетүү керек. Тескерисинче, бул кыйла натыйжалуу жана коррупциясыз тутумга карай кадам. Инспектордун ордуна так, ачык-айкын жана эч кандай кийлигишүү мүмкүнчүлүгүсүз иштей турган санариптик модуль киргизилет. Реформалоонун жыйынтыгында Салык кызматы иштеги жазалоочу моделден толугу менен кетип, бизнес жана жарандар үчүн толук кандуу сервиске айланышына умтулабыз.
Анткени мамлекеттин башкы милдети – айып салуу эмес, ишкерлерге өз милдеттенмелерин жөнөкөй, ачык-айкын жана ашыкча чыгымдарсыз аткарууга жардам берүү. Бул үчүн салык төлөөчү өзүн кысымга алынган объект эмес, өнөктөш катары сезиши үчүн Салык кызматы ыңгайлуу санариптик инструменттерди, түшүнүктүү эрежелерди, консультацияларды жана колдоону өз убагында камсыздашы керек. Мындай кадам ишенимди арттырып, салыктарды ыктыярдуу төлөөгө түрткү берип, туруктуу жана бекем экономикалык чөйрөнү түзөт.
Бардык реформаларыбыз бизнести, өзгөчө чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө дем берүүнү эске алуу менен жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ишкердикти өнүктүрүү үчүн бардык жеңилдетилген жана ыңгайлуу шарттар бар. Бул бизнести баштоо, аны каттоо жана салык жол-жоболоруна тиешелүү", - деп таратты Шыкмаматовдун айткандарын Салык кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:21
2025-11-19
20:44
2025-11-19
20:17
2025-11-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















