Экономика министри 2 жыл ичинде тыштан канча доллар инвестиция тартылганын айтты
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтыгынын бизнес-форумунда өлкөнүн 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын негизги максаттары жана милдеттери менен тааныштырды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Анын айтымында, инвесторлорду активдүү тартуу жана ири долбоорлорду ишке ашыруу саясатынын аркасында акыркы жылдары Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүштү көрсөтүүдө.
"Акыркы 3 жылдын ичинде экономиканын рекорддук өсүшүн байкап жатабыз, орто эсеп менен жылына 9 пайыз. Ички дүң продуктунун көлөмү 2022-жылдагы 1 020,7 миллиард сомдон 2024-жылы 1 523,2 миллиард сомго чейин көбөйдү. Бул жылдар аралыгында экономиканын бардык секторлору оң динамика көрсөттү. Алсак, өнөр жай 7 пайыз, айыл чарба 5 пайыз, курулуш 16 пайыз, кызмат көрсөтүү тармагы 8 пайыз.
Экономиканын мындай өсүшү биринчи кезекте инвестициялардын эсебинен камсыздалды. Бул мезгил аралыгында жалпысынан 23 миллиард долларга жакын инвестиция тартылды, анын ичинде 3,7 миллиард доллар түз чет өлкөлүк инвестициялар. Биз ишкердик чөйрөсүн жакшыртууда туруктуу иш алып бардык, эрежелерди жөнөкөйлөттүк, ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды жойдук жана инвесторлордун укуктарын ишенимдүү коргоону камсыздадык", - деген министр.
Ошондой эле Бакыт Сыдыков Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын негизги багыттарына токтолгон.
"Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу максатында биз жыл сайын ИДПнын туруктуу өсүшүн кеминде 8 пайыз деңгээлинде камсыздоону көздөйбүз. Бул бизге экономика көлөмүн, жок дегенде, 30 миллиард долларга жеткирүүгө жана киши башына ИДПны 4500 долларга чейин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биздин негизги приоритеттер - адам капиталын өнүктүрүү, билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун сапатын түп-тамырынан жакшыртуу, кичи жана орто бизнеске активдүү колдоо көрсөтүү, инвестиция тартууну күчөтүү жана жумушсуздукту 5 пайызга чейин кыскартуу", - деп белгилеген ал.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















