Бишкекте кызды катуу нерсе менен башына уруп жиберген жигит кармалды (видео)
Бишкекте өзүнө бейтааныш кызга кол салган жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, милицияга В.А. аттуу жаран арыз менен кайрылды. Анда Куттубаев жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адам катуу нерсе менен анын баш тарабына сокку жасап, денесине залал келтиргендиги белгиленди.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголуп, жабырланычууга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Натыйжада 1998-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Мындан тышкары, ал мас абалында экени аныкталды.
Тергөө уланууда.
Бишкекте кызды катуу нерсе менен башына уруп жиберген жигит кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:42
2025-11-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















